Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 18:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Футбол: “ПСЖ” Франциянын кубогун 13чү ирет жеңип алды

25.07.2020 13:36
1034
Футбол: “ПСЖ” Франциянын кубогун 13чү ирет жеңип алды

 

Футбол боюнча Франциянын кубогунун “Стад де Франс” стадионунда өткөн финалында “ПСЖ” “Сент-Этьенди” 1:0 эсебинде жеңип алды.


Маалыматка ылайык, жалгыз голду 14чү мүнөттө Неймар киргизген.


Бул оюндагы жеңиши менен париждик клуб тарыхындагы 13чү кубогун жеңип алды. Бул улуттук рекорд, турнирди көп жеңгендердин экинчи сабында “Марсель” клубу 10 кубогу менен турат.


Ошондой эле “ПСЖ” бул жылы өлкөсүнүн чемпиондугу менен кубогун жеңип, төртүнчү ирет алтын дубль жасады. Мындай көрсөткүчкө буга чейин, “Сент-Этьен” жеткен.


Бул мелдеште Томас Тухел жетектеген команданын чабуулчусу Килиан Мбаппе жаракат алып, 1-таймда алмашылган. Ага карата эрежени бузган “Сент-Этьендин” коргоочусу Лоик Перрен оюндан четтетилген. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн