Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Футбол боюнча беттеште Садыр Жапаровдун командасында кимдер ойнойт? Команданын курамы

17.12.2021 13:49
1298
Футбол боюнча беттеште Садыр Жапаровдун командасында кимдер ойнойт? Команданын курамы

Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын командасы бүгүн, 17-декабрда, кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюнга катышат.


Kaktus.media редакциясы президенттин командасынын курамын жарыялады. Ал төмөнкүдөй:


Камчыбек Ташиев - министрлер кабинетинин башчысынын орун басары, УКМКнын башчысы;

Медетбек Букуев - министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси;

Аяз Баетов - Юстиция министри;

Алмаз Бакетаев - Каржы министри;

Умбеталы Кыдыралиев – «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы;

Азиз Аалиев - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

Азамат Жаманкулов - Маданият министри;

Алмасбек Абытов - Президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү;

Муса Жаманбаев - Президенттик аппараттын Президенттик протокол кызматынын жетекчиси;

Арзыбек Кожошев - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

Доскул Бекмурзаев - Энергетика министри;

Данияр Амангелдиев - Экономика жана коммерция министри;

Кудайберген Базарбаев - Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри;

Алтынбек Эргешов - Президенттик аппараттын чечимдерди даярдоо бөлүмүнүн башчысы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн