Түрк маалымат булактары Германия курамасы менен дүйнө чемпиону болгон түрк тектүү Месут Өзил Түркиянын парламентине талапкерлигин койгонун жазууда.
Белгилүү болгондой, Өзил президент Режеп Тайип Эрдоган жетектеген партиядан депутаттыкка талапкер болушу күтүлүүдө.
Эске салсак, Месут Өзил футбол боюнча дүйнөнүн дөө-шаа клубдарында ийгиликтүү ойноп, бир нече эл аралык мөөрөйдү утуп алган.
Ал жакынкы айларда карьерасын жыйынтыктаганын жарыялаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн