Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 11:34
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Футбол боюнча өлкө чемпиондугу тыюуга карабасатан көрүүчүлөр менен өтүүдө

16.03.2020 12:50
825
Футбол боюнча өлкө чемпиондугу тыюуга карабасатан көрүүчүлөр менен өтүүдө


Футбол боюнча Кыргыз Премьер лигасынын биринчи турунун алкагындагы “Дордой” жана “Илбирс" командаларынын оюнунда стадиондо көрүүчүлөр болгонун “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агентигине күбөлөр билдирди.


Күбөнүн айтымында, уштуруучулардан жана тартип сакчылардан сырткары футбол аренасына жыйырмага жакын көрүүчү кирген. Ал эми оюнду стадиондун сыртынан жүзгө жакын адам көргөн.


Мелдеш 15-март күнү Кант шаарындагы “Спорт сити” стадионунда орун алган. 


Эске сала кетсек, буга чейин өкмөт массалык спорт оюндарына коронавируска байланыштуу тыюу салган. Ал эми Кыргызстандын футбол союзу көрүүчүлөрдү оюндарга барбоого чакырган билдирүү тараткан. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн