Футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасын 11-июлда улантуу болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргыз профессионал футбол лигасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалдын начарлап кетүүсүн жана командалардын өкүлдөрүнүн саламаттыгын эске алуу менен футбол боюнча өлкө чемпиондугун 11-июлдан баштап жандантуу каралууда.
Белгилей кетсек, буга чейин пандемияга байланыштуу футбол боюнча Кыргыз Премьер-лигасы 17-мартта 1-турдун оюндарынан кийин токтотулган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн