Бугу 05, 2024
Убакыт: 00:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Александр Крестинин футбол күйөрмандарын үйдө отурууга чакырды

27.03.2020 13:46
671
Александр Крестинин футбол күйөрмандарын үйдө отурууга чакырды


Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин күйөрмандарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдирди.


Машыктыруучу өз кайрылуусунда ден - соолук жана коопсуздук баарынан маанилүү экенин айткан.


“Футбол ар бирибизге кубаныч жана чоң сүйүнүч тартуулайт. Бирок азыркы учурда аны экинчи планга жылдырып туруу керек. Командабыз дүйнөнүн кайсы булуң бурчунда гана ойнобосун кыргызстандыктар кандай колдоорун мен билем. Ал эми өзүбүздүн стадиондо болсо өзгөчө колдоо дайыма күтөт. Азыркы учурда бири-бирибизге колдоо көрсөтүүгө убакыт келди. Өзгөчө бизди коргоп, сактап жаткан медициналык кызматкерлерге. Алар чыныгы баатырлар. Бул оор күндөрдө биз бир команда болуп, керектүү эрежелерди сактап, сабырдуу болуп, үйдө болушубуз керек. Көнүмүш ритмге жакынкы күндөрү кайра кирип, стадиондо көрүшөрүбүзгө мен ишенем”, - деген Крестинин.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн