Бугу 10, 2024
Убакыт: 16:49
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Футбол чөйрөсүндөгү жарандар президентке кайрылды (видео)

28.05.2020 09:53
1052
Футбол чөйрөсүндөгү жарандар президентке кайрылды (видео)

 

Өлкөдө футбол сүйүүчүлөр арасында машыгууга уруксат берип, өмүрүн бүтүндөй спортко арнаган чеберлердин машыгууларын создуктуруп жатканы футбол чөйрөсүндө жүргөндөрдү тынчсыздандырууда.


Футбол боюнча улуттук курама команданын мурдагы коргоочусу Тахир Авчиев, футбол боюнча кыздар курамасынын оюнчусу Айдана Оторбаева жана “Илбирс” клубунун менеджери Адилет Мурзабеков учурдагы абалга байланыштуу мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.

Алар өз кайрылуусунда машыгуулар ачык аянтта өтөрүн, спорт залдар, машыгуу залдары, фитнес-клубдар жана бассейндер жабык имаратта өтүп, сыртта машыгууга караганда тобокелчилик чоң экенин айтышкан. Мындан сырткары алар үй-бүлөсүн спорт менен багарын, мындан башка каржы булагы жок экенин айткан.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн