Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:45
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Футбол: "Президенттин Администрациясы" "Жогорку Кеңешти" жеңди

04.05.2022 11:10
1284
Футбол: "Президенттин Администрациясы" "Жогорку Кеңешти" жеңди

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча “Мурас” салттуу достук мелдеши өтүүдө.


Алгачкылардан болуп “Президенттин администрациясы" менен “Жогорку Кеңеш” командалары оюн өткөрүп, Садыр Жапаровдун командасы атаандашын 4:1 эсебинде утуп алды.


Кыргыз футбол бирикмеси жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган мелдеш 4-5-майда "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде өтүүдө.


Ата мекендик футболдун 100 жылдыгына арналган декабрдагы турнирде президент Садыр Жапаров бул спорттук иш-чара салттуу түрдө жылына эки жолу (кыш-жай) өтүп турарын жарыялаган.


Бул ирет чемпиондук наам үчүн 12 команда күрөшөт. Командаларды тайпаларга бөлүштүрүү боюнча чүчү кулак тартуу аземи өткөн. Ага ылайык, 4 тайпа түзүлдү:


А тайпасы: “Президенттин администрациясы, “Ден соолук”, “Жогорку Кеңеш”;


В тайпасы: “Өнөр”, “Билим”, “Ыйман”;


С тайпасы: “Бизнес”, “Элчилер”, “Спорттук федерациялар”;


D тайпасы: “Алга”, “Аймактар”, “Журналисттер”.


Ар бир тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген команда чейрек финалга чыгат. Тайпалык жана чейрек финалдык оюндар 4-майда, жарым финал менен финал 5-майда өтөт.


Эскерте кетсек, 2021-жылдын 17-декабрында кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футзал боюнча достук оюну өткөн. Анда биринчи орунду маданият ишмерлеринин “Өнөр” командасы, экинчи орунду футбол ардагерлеринин “Алга”, ал эми үчүнчү орунду мамлекет башчысы Садыр Жапаров башында турган “Президенттин администрациясы” ээлеген.


 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн