Бугу 01, 2024
Убакыт: 02:31
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Футбол союзу Штефан Тарковичтин мындан аркы тагдыры тууралуу айтты

30.01.2024 12:29
927
Футбол союзу Штефан Тарковичтин мындан аркы тагдыры тууралуу айтты


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин дүйнө чемпионатына жана кийинки Азия кубогуна тандоо боюнча төрт оюну бар. Бул оюндарда ал команданын башында, жанында болушу керек. Мындай пикирин жакында эле Футбол союзунун президенти кызматынан кеткен Медербек Сыдыков билдирди.


"Машыктыруучу Штефан Таркович менен келишим 30-июнга чейин түзүлгөн. Алдыда анын дүйнө чемпионатына жана кийинки Азия кубогуна тандоо боюнча төрт оюну бар. Мындан улам машыктыруучу бул оюндарда команданы башында, жанында болушу керек", — деген Сыдыков.


Эске салсак, Азия кубогунда Кыргызстандын курама командасы тайпада акыркы орунга илинип, плей-оффко чыга алган эмес. Жыйынтыгында президенти Сыдыков баштаган Кыргыз футбол союзунун (КФС) аткаруу комитети мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырышкан. Алар милдетин 19-февралга чейин кыргыз футболуна жаңы жетекчи келгиче аткарып турушмакчы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн