Бугу 19, 2024
Убакыт: 16:13
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Футболчу Айдана Оторбаева FIFPRO 2020-жылдагы сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлдү

17.02.2021 09:16
607
Футболчу Айдана Оторбаева FIFPRO 2020-жылдагы сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлдү


Кыргызстандык футболчу кыз Айдана Оторбаева дүйнөлүк Кесипкөй футболчулар ассоциациясынын (FIFPRO) 2020-жылдагы сыйлыгына талапкердин бири катары көрсөтүлдү. Бул тууралуу ассоциация Твиттер баракчасына жарыялады.


FIFPROнун барагында спортчу кыздын Кыргызстанда пандемия күчөп турган маалда ыктыярчылардын тобун түзүп, өмүрүн тобокелге салып, элге жардам берген каармандыгы белгиленген.


"Сиңирген эмгеги үчүн сыйлык" ("Merit Award") – футболго эмгеги сиңген адамдарга берилүүчү дүйнөлүк беделдүү сыйлык. Быйыл ага сегиз оюнчу көрсөтүлдү.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн