Футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасынын 13-турдун оюндары 7-8-9-март күндөрү орун алып голдорго бай болду. Оштун “ЕRЕМ” командасы “Биримдик Сокулукту” алгачкы оюнда 7:4, экинчи беттеште 13:2 эсебинде жеңип “ЕRЕМдин” оюнчусу Максат Алимов 7 гол киргизип септа-трик жасады.
Башка оюндарда “Фарватер” эки мелдештин жыйынтыгында Ысык-Көлдүн “Сары-Ой” командасын 17:4 менен жеңди. “Спартак Бишкек” “Намысты” 21:5 эсебинде, “Мурас” “Бакубат Таласты" 28:3 эсеби менен жеңип алды.
Бомбардирлер жарышын 75 гол киргизген Максат Алимов жетектеп келе жатат.
13-турдан кийинки турнирдик жадыбал:
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн