Бишкекте iPhone 13 Pro Max жана акча каражатын уурдоого шектүү жаран кармалды. Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя 14-февралда катталган.
21-февралда Свердлов РИИБине К.Л. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган.
Анда ГУМ соода борборундагы дүкөндөн 1 миң 340 доллар акча жана iPhone 13 Pro Max телефонун белгисиз адамдар уурдап кеткени кабарланган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурулук) менен катталып, сотко чейинки тергөөгө алынган.
"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1990-жылы туулган М.Р. кармалып, 2 айга СИЗО-1ге камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн