Гаити полициясы президент Жовенель Моизди өлтүрүү үчүн жалданган төрт кишини жок кылып, экөөнү колго түшүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Мамлекеттик резиденцияга кол салуудан кийинки иш-аракеттер боюнча полициянын жетекчиси Леон Шарль маалымат жыйын өткөрүп, анда барымтага алынган үч полиция кызматкери бошотулганын айтты.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Клод Жозеф өлкөдө кырдаал көзөмөлгө алынганын белгилеп, элди тынчтанууга чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн