Бугу 12, 2024
Убакыт: 08:28
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Галина Байтерек өзүнө айтылган сын пикир боюнча жооп берди

25.03.2021 16:59
1068
Галина Байтерек  өзүнө айтылган сын пикир боюнча жооп берди

Президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү башчысы Галина Байтерек  бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова тарабынан айтылган сынга жооп берди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды. 


Байтерек өзүнүн билдирүүсүндө "Слово Кыргызстана" гезитинин тарыхына жана бүгүнкү абалына токтолгон. Мындан сырткары, басма үйдө болуп жаткан келишпестик боюнча да айткан. 


"Мага карата айтылган сындын эч кандай негизи жок. Анткени мен журналист катары "Слово Кыргызстана" гезитинин жамаатында болуп жаткан окуяга кайдыгер карап тура албады. Гезит түздөн-түз Өкмөткө караштуу. Жамаат кайра-кайра кайрылгандыктан биз өкмөттүн басма сөз кыматынын кызматкерлери менен барып, ал жердеги абал менен таанышканбыз. Ошол жерде  Слащеванын редактор болгондугу тууралуу өкмөттүн токтомун жарыялаганбыз",- деди Байтерек


Мындан сырткары, ал гезиттин жамаатын тез арада тил табышып, мурдагыдай мыкты редакция болоруна үмүт артарын билдирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн