Бугу 01, 2024
Убакыт: 19:09
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Галина Байтеректин КТРКнын Байкоочу кеңешине жазган арызын кандай кабыл алышты?

01.04.2021 15:33
798
Галина Байтеректин КТРКнын Байкоочу кеңешине жазган арызын кандай кабыл алышты?

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү президенттин маалымат катчысы Галина Байтеректи этикасыз жүрүм-туруму үчүн сынга алды. Бул тууралуу кеңешин мүчөсү Нурия Айдабосунова 24.кг агенттигине билдирген.


Анын айтымында, Галина Байтеректен келген арызды жамаат таң калуу менен кабыл алган.


"Галина Байтеректин арызын мен Байкоочу кеңештин катардагы мүчөсү катары кысым катары кабыл алдым. Биз баарыбыз таң калдык, айрым мүчөлөр буга жиндеди. Президенттин маалымат катчысы катары бул жорук этикалык жактан туура эмес болду десем жаңылбайм. Таласта болгон чырды Жылдыз Уракунова менен Байтерек өзү эле чечип койсо болмок. Анткени чоң иш-чараларда андай окуялар болуп турат.

Байкоочу кеңештин мурдагы мүчөлөрү да буга таң калганын жашырган жок. Анткени алар Байтерек КТРКда иштеп кеткендиктен эми ошол жылуу мамиле уланат деп ойлогон. Бирок азыр окуя башкача болуп турат.

Мен жеке инсан катары Жылдыз Уракунованын тажрыйбасын сыйлайм. Ал арыз түшкөндөн кийин да токтоп калган жок. Мурдагыдай жигердүү, аракеттенип иштеп жатат",- деди Айдабосунова.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн