Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Гарри менен жубайы Меган расмий түрдө падышалык укуктарын өткөрүп берди

01.04.2020 09:36
802
Гарри менен жубайы Меган расмий түрдө падышалык укуктарын өткөрүп берди


Британ ханзаадасы Гарри менен жубайы Меган Маркл расмий түрдө падышалык үй-бүлөнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп беришти. Бул иш-чара 31-мартта орун алды. Мындан сырткары алар Инстаграмдагы Sussex Royal аккаунтундагы катталуучулары менен да кош айтышып, “Мындан ары бизди бул жерден көрбөйсүздөр”, деп билдирүү калтырды. 


Ханыша менен түзүлгөн келишим боюнча Гарри менен Меган падышалык титулду колдонушпайт. Мындан тышкары Виндзор сепилине жакын жердеги коттежди капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жумшалган 2,4 миллион фунт стерлингди казынага кайтарып берет.


Ханзаада Гарри менен Меган Маркл 2018-жылы үйлөнгөндөн кийин ээ болгон Сассекс герцог жана герцогиня титулун сактап калышат. Учурда түгөйлөр уулу Арчи менен АКШда жашап жатышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн