Тогуздун айы 25, 2024
Убакыт: 08:29
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиев чек ара кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

28.05.2022 10:59
4872
Генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиев чек ара кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы төрагасы, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын экс-жетекчиси, сөөгүнөн бери мекен сакчысына айланган генерал-майор Райимберди Дүйшөнбиев өлкөбүздүн Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык аземине карата мекен чегиндеги кесиптештери менен ардагерлерге куттуктоо жолдоду:


Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери!


Офицерлер жана генералдар, старшиналар жана прапорщиктер!


Кымбаттуу жолдош жоокерлер менен сержанттар!


Баардыгыңыздарды бүгүнкү 28-май чек ара кызматкерлеринин кесиптик майрамы, эртеңки 29-май Куралдуу Күчтөрдүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен ак дилимден куттуктайм!


Бүгүн өлкөбүздүн бүтүндүгү, коопсуздугу үчүн кирпик ирмебестен күзөттө турушкан жалпы аскер күчтөрүбүз мамлекетибиздин аймактык бүтүндүгүнө көз артышкан ниети жаман душмандардын аракеттерин толугу менен токтотууга даярдыгын ишенимдүү айта алам! 


Ооба, мойнубузда чоң жоопкерчилик турат. Учурда дүйнө коомчулугун түйшөлтүп турган терроризм кооптуулугу барган сайын күч алууда. Дүйнө азыр да тынч эмес. Ооганстанда, Украинада куралдуу кагылыштар токтобой жатат. Эл аралык терроризм деген балакет чек ара тандабасын көрдүк. Кыскасы, согуштун жаңы түрлөрү пайда болууда. Биз мындай шартта чагымчылардан, от жаккандардан сак болууга, андай ою бузуктарга баардыгыбызды жалпылап каршы турууга чакырам. Анткени, от жагуу оңой, аны басуу оор экенин билебиз. Андыктан, эң оболу биз Куралдуу Күчтөрдү күчтөндүрүү менен бирге Кыргызстандын биримдигин чыңдашыбыз зарыл. 


Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн күжүрмөн кызматкерлери!


Кымбаттуу менин кесиптештерим! 


Куралдуу Күчтөрүбүз түзүлгөндөн берки 30 жылдык убакыт өлкөбүз үчүн оңой болгон жок. Бул аралыкта көптөгөн кыйынчылыктар болду. Ошого удаа жетишкендиктер менен ийгиликтер да болду. Эгемендүү өлкөбүздүн жана Куралдуу Күчтөрүбүздүн 30 жылдык басып өткөн тарыхына удаа менин да бүтүндөй аскердик өмүрүм эриш-аркак келе жатат десем болот. 30 жыл аралыгында өлкөбүздүн коопсуздугу, бүтүндүгү үчүн колдон келген иш-аракеттерди кылганга аракет кылдык. Бул жагына эми тарых гана баа берер. Биз ант берген аскер адамы катары өлкөбүздү күзөтүүгө мындан ары да бел чечпей иштеп бергенге даярбыз. 


Ардактуу менин кесиптештерим!


Кымбаттуу ардагерлер! 


Эң оболу баардыгыңыздарга ден соолук, алтын башыңыздардын амандыгын тилейм! Мен үчүн, элибиз үчүн сиздердин амандыгыңыздар башкы олжо.  


Өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн кирпик ирмебей кылган ак, адал кызматыңыздар үчүн рахмат айтып, эрдиктериңерге таазим кылабыз! Асманыбыз ачык болуп, Кыргызстан мамлекетибизди бейпилдик курчап, Ала-Тоо ичине тынчтык, өнүгүү гана өкүм сүрсүн! Баардык мекен сакчыларына Жараткан өзү жар болсун!

Теги

Пикирлер (16)

Коопсуздук коду
Старший лейтенант
Генерал Райимберди Дүйшөнбиев эл сыймыгы!!!
Воин
Мындай достойный генералдар аз санда! Ото чындыкты суйгон генерал. Он красавчик
Марлен
Татыктуу, Кесипкой чыныгы генерал!!! Улгу алабыз!
Полковник Эралиев Какан
Чоон рахмат ,сиздин да майрамыныз менен куттуктайм.
Муратов Данияр
Даана жазылган