Бугу 16, 2024
Убакыт: 05:52
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Генерал-майор наамын алган Сыймык Жапыкеев Ассоль Молдокматовага мамлекеттик сыйлык берүүнү өтүндү

14.07.2021 10:55
1586
Генерал-майор наамын алган Сыймык Жапыкеев Ассоль Молдокматовага мамлекеттик сыйлык берүүнү өтүндү


Достор, бир колдоо кылгылачы.


Урматтуу Садыр Нуркожоевич, сиздин өлкөнү көтөрөм деген аракетиңизге биз ортоктошпуз. Сизден өтүнөт элек, суранат элек бир чоң мамлекеттик сыйлык ээсин таппай жүрөт...


 Сизге рахмат, мага деле генерал-майор наамын ыйгардыңыз. Өтө оор мезгилге туш келдиңиз, 30 жыл талкаланган, тонолгон машинага миндиңиз, баарын түшүнүп турабыз. Ишиңизге ийгиликтер болсун.


Ушул пост Ассоль Молдокматова жөнүндө болмок. Ушул айымдын кыргыз элине болгон эмгеги зор. 25 жылдан бери Ассоль элге пайдасын эле тийгизип келетат. Баткен болсо Баткенде, пандемияда биринчилерден ыктыярчы, пайдасы зор, канча деген балдарды акча таап окутту, чокутту. Россияда В.Зайцев, Ф.Киркоров, А.Пугачеванын юбилейлери, тойлору биздин кыргыз кызыбыз Ассолльсуз болбойт. Ассоль ошол жерде алып баруучу, Россия менимче "Заслуженный деятель культуры" деп наам ыйгарды. Р.Кадыровко, В.Путинге, Р.Эрдоганга пандемияда Ассоль кайрылуу жазаганда баарысы жооп беришти. (Сыймактанам). Көп элдер ойлоду Ассоль шайлоого даярданып жатат деп, бирок Ассоль саясаттан алыс. Азамат!!! Урматтуу достор, чынын айтсам Ассолдун баркын кыргыздар билбей койдук. Ассоль сизге мен жеке рахмат айтам, ыразычылык билдирем.


Ассоль менен мен жакшы доспуз, бирок бул пост жүрөктөн чыкты. (Не заказной) 


Урматтуу кыргыз өлкөсүнүн, мамлекеттин, элинин башчысы Садыр Нуркожоевич, сизден өтүнөбүз Ассоль Молдокматовага татыктуу мамлекеттик наам берүүңүздү эл суранабыз. Сиз саясатчылар менен эмес эл менен эле болуңуз, эл сизди көтөрүп кетет. Бир жолу көтөрүпп кеткен. Ишинизге албан ийгиликтер гана болсун.


Мен элге ишенем, эл да мага ишенет.


Сыймык Жапыкеев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн