Бугу 04, 2024
Убакыт: 09:33
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Геосаясат жана экономика: Бычак мизиндеги дүйнө

22.04.2021 11:54
883
Геосаясат жана экономика: Бычак мизиндеги дүйнө


Бир жагынан Россия АКШ баш болгон батыш өлкөлөрү менен Украина айынан чоң согуш алдында “калчылдашып” турса, экинчи жагынан Кытай менен АКШ, Япония, Австралия Сенкаку аралдары үчүн ядролук курал колдонуудан кайтпайбыз деп, өтө катуу тирешип турушат.

Каршылашкан тараптар бири-бирин экономикалык жактан муунтуп салууга даяр. Ал үчүн бардык айла-амалдар жасалып жатат. Өзгөчө АКШ өтө катуу опурулуп, Россияны да, Кытайды да абдан катуу кысымга алып жатат.

Бул согушта экономика жагынан Россия бир топ аялуу болуп, бирок ага карабай темирдей ийилбей турат.
Кытай абдан катуу өнүгүп баратат (быйыл үч айда 18.3% рекорддук деңгээлде өстү), учуп бараткан бул локомотивге чиркешип алууга Европа, Азия мамлекеттери, анын ичинде Америка өзү да кызыкдар. Ошон үчүн алар Кытайга көп тиш салалбай, санкцияларды Россияга жарыялагандай жарыялай албай турушат. Бирок да атаандаштыкта ичи күйүп, ар кандай жоруктарга барууда.

Кытайды АКШ, Европа канчалык өгөйлөбөсүн, Пекин кайра эле ошолорду карап, Москва менен биротоло жакындашып кетпей, Россиянын дүркүрөп өнүгүп кетишине тийиштүү насыялык, технологиялык жардамын бербей келет.

Анын түпкү жана негизги себептери экономикага жана соодага барып такалат.

Карап, салыштырып көрүңүз:

2020-жылы Кытай менен Россиянын соодасы 107 млрд доллар болгон.
Кытай менен АКШнын соодасы болсо беш-алты эсе көп. Жалпысынан 586 млрд долларга жеткен.
Кытай менен Европа Биримдигинин соодасы 696 млрд доллар болгон.

Демек, Кытайдын негизги соода өнөктөрү АКШ жана Европа Биримдиги. Алар Россияга караганда Кытай үчүн экономикалык жактан маанилүү.

Ошондуктан Кытай менен Россия АКШ жана Батыштан ыдык көрүү жагынан санаалаш жана жолдош болбосун, соода-экономика жагынан “душмандар же атаандаштар” менен алакада болууга аргасыз...

Айданбек Акматов, журналист 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн