Бугу 15, 2024
Убакыт: 04:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Германия АКШнын Европадагы башкы атаандашы

18.06.2020 11:57
840
Германия АКШнын Европадагы башкы атаандашы


17-июндан бери НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин эки күндүк онлайн-консультациялары өтүп жатат. Талкууланып жаткан өзөктүү темалардын бири АКШ президенти Дональд Трамптын америкалык 9,5 миң солдатты Германиядан чыгаруу жөнүндө чечими болуп калды.


Трамп буга чейин АКШ эмне үчүн россиялык газды сатып алып жаткан Германияны Россиядан коргоого акча коротушу керектигин түшүнбөстүгүн билдирген. АКШнын НАТО боюнча өнөктөштөрүн Ак үйдүн мындай позициясы таңдандырууда. Арийне, башкаларга салыштырмалуу Берлиндин кыжыры көбүрөөк келүүдө - Германия лоялдуу союздаштан АКШнын Европадагы башкы оппонентине айланууда. Ал эми бул жагдай Россиянын чырагына май тамызууда.   


Мындан сырткары Трамптын пикиринде, Германиянын АКШга жана НАТОго көп миллиарддаган доллар карызы бар, Берлин өзүнүн коргонууга бөлүнүүчү чыгымдоолорун ИДПнын 2%ына (2014-жылы өткөн НАТО саммитинин чечими) жеткире албай жатат. Ошого карабастан, НАТОнун бюджетин толтуруу боюнча Германия америкалыктардан кийинки экинчи орунда турат.


Ал эми АКШ Германиянын аймагында жайгашкан америкалык аскерлерди кармоого жыл сайын 3,5 миллиард доллар сарпташы керек, бирок анын 1 миллиардын Германия жабат. Президент Трамп болсо бул салымды жетишсиз деп эсептейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн