Германия эл аралык кызматташуу коому Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине автоунаа тапшырды. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Мамагенттиктин директорунун милдеттерин аткаруучу Мирлан Парханов Германия эл аралык кызматташуу коомуна (GIZ) ыраазычылык билдирген.
«Автоунаа максаттуу гана колдонулуп, кызматкерлер үчүн жаштар арасында жана спорттук ири иш-чараларды өткөрүүдө жардамчы боло алат деп ишендиргим келет», - деп билдирген өз сөзүндө Парханов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн