Бугу 06, 2024
Убакыт: 07:59
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Германия кыргыз жумушчулары менен узак мөөнөттө кызматташууга кызыкдар

12.05.2023 14:03
336
Германия кыргыз жумушчулары менен узак мөөнөттө кызматташууга кызыкдар

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германия Федералдык өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү Йоахим Штамп менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда квалификациялуу адистерди даярдоо, аларды Германияда уюшкан түрдө ишке орноштуруу жаатында кызматташууну өнүктүрүү, Германияга иштөө жана окууга келген КР жарандарына визалык жеңилдиктерди берүү маселелери талкууланды.


Өкмөттүн атайын өкүлү Штамп Германияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин билдирип, эмгек ресурстарын тартуу жаатында узак мөөнөттүү кызматташтыкты түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


Тараптар бул маселелер боюнча кызматташууну улантууну макулдашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн