Бугу 02, 2024
Убакыт: 04:02
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Германия саламаттыкты сактоо тармагына 4,5 млн бөлөт

01.06.2023 15:38
316
Германия саламаттыкты сактоо тармагына 4,5 млн бөлөт


Германия Кыргызстанга төрөт үйлөрү жана кургак учук ооруканасы үчүн 4,5 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.


1-июнда Экономика жана соода министрлигинде министрлер кабинети менен Германия өкмөтү каржылык кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.


Каражат Бишкек, Ош жана Талас шаарларындагы перинаталдык борборлорду курууга жана жабдууга, ошондой эле Бишкектин кургак учукка каршы ооруканасын жабдууга жумшалат.


Тараптар Европа Биримдиги аркылуу кызматташуунун жаңы форматынын оң динамикасын жана келечегин белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн