Бугу 18, 2024
Убакыт: 01:43
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Германияда 31-январга чейин катаал карантин киргизилди

06.01.2021 11:40
549
Германияда 31-январга чейин катаал карантин киргизилди

 Германиянын канцлери Ангела Меркел өкмөт өлкөдө коронавирустун жайылышына бөгөт коюу чарасы катары жалпы мамлекеттик карантинди 31-январга чейин узартканын айтты.Бул тууралуу канцлер айым билдирди.


Мындан сырткары жылдын алгачкы үч айында  коронавируска каршы эмдөө калайыктын артыкчылыктуу топтору үчүн гана жүргүзүлөт.

 5-январда Германиянын өкмөтү менен федералдык жергелеринин өкүлдөрүнүн жыйыны пандемияга байланыштуу жалпы өлкөдө карантин чараларын катаалдатуу тууралуу чечим кабыл алды. Вирус очокторунда жашагандардын башка аймактарга катташы чектелет, мындай “кызыл” аймактын тургуну өз үйүнөн 15 чакырымдай гана узак бара алат. Коңшу-колоңдун да өз ара карым-катнашын убактылуу чектөө сунушталды.


Германиядагы мектептер менен бала бакчалар 1-февралга чейин жабылды. Айтмакчы, Ангела Меркел Германиядагы эмдөө жүрүмү Евробиримдиктин башка өлкөлөрү менен чогуу-чаран жана бирдей жүргүзүлө тургандыгын тастыктады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн