Германияын Түндүк Рейн-Вестфалия аймагында жайгашкан Tönnies эткомбинатында 2 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган аймактын саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчиси Карл-Йозеф Лауман айтканын чет элдик басылмалар жазып чыкты.
“Учурда Tönnies эткомбинатында катталган жалпы учурдун санын ыйгарым укуктуу бийлик өкүлдөрү 2119 деп эсептейт”, - деген саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлү. Мындан сырткары дагы 67 учурду Tönnies менен байланыштырып жатканы айтылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн