Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 20:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Германияда кайрадан карантин чаралары кабыл алынды

24.06.2020 18:47
958
Германияда кайрадан карантин чаралары кабыл алынды

 

Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия штатынын эки аймагына кайрадан карантин киргизди. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.


Аймакта коронавируска кабылгандардын саны кескин өсүп, 500 миңден ашуун киши карантинге алынган.


Түндүк Рейн-Вестфалиядагы эт заводунда 1500 кызматкерге вирус жукканы аныкталып, алардын баары үй карантинине алынды.


Штаттын саламаттыкты сактоо министри калкты коргоо үчүн карантин чараларын кайрадан киргизүүгө аргасыз болуп жатканын билдирди.


Коңшу Варендорф аймагы дагы чектөөлөрдү киргизди. Эки аймакта музей, кинотеатр, спорт залдары жабылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн