Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 00:13
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Германияда кыргызстандык студент кызды полиция унаасы сүзүп кетти

02.08.2022 08:10
558
Германияда кыргызстандык студент кызды полиция унаасы сүзүп кетти

Германияда Кыргызстандын Б.к.С аттуу жараны жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.


Билдирүүгө ылайык, кырсыкка учураган кыргызстандык «Ferien Job» жайкы студенттик программасы боюнча убактылуу иштеп жүргөндүгү такталды.


"КРнын Германиядагы элчилигинин консулдук кызматкери 2022-жылдын 29-июлундаКР жаранына абалынан, окуянын жагдайларын тактоо, ошондой эле ага керектүү жардам көрсөтүү үчүн Ганноверге барып келди", - деп айтылат билдирүүдө.


Консулдук кызматкерлер жабырлануучу, иш берүүчү, полиция жана медициналык мекеменин кызматкерлери, башка кыргызстандык студенттер менен сүйлөшүшкөн.


"Жабырлануучу менен анын жанындагы студенттердин айтымында, Б. к.С.ны 2022-жылдын 26-июлунда өтүүгө уруксат берилбеген жерден бараткан учурда полициянын унаасы сүзүп кеткен жана ал ооруканага жеткирилип, ага ыкчам жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Дарыгерлердин айтымында, жабырлануучунун абалы туруктуу, ага мээси чайкалган деген диагноз коюлган.

Учурда жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүү, ага компенсация төлөп берүү жана иш берүүчү тарабынан кайра Кыргызстанга кайтууга авиабилет сатып берүү, ошондой жергиликтүү укук коргоо органдары менен окуяга тиешелүү юридикалык маселелер элчилик тарабынан каралууда.

Маселе Кыргызтандын Германиядагы элчилигинин көзөмөлүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн