Германияда мугалимдер жоолугун чечпей сабак өтүүсүнө уруксат берилди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Берлинде 20 жылга жакын педагогдор хиджаб кийүү укугу үчүн күрөшүп келишкен. Мусулман мугалимдер эми жоолуктарын чечпей эле сабак бере алышат.
Буга чейин көптөгөн мусулман педагогдор мыйзамга ылайык, сабак учурунда жоолугун чечүүгө милдеттендирилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн