Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:31
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Германиядагы химиялык заводдун жарылуусунан бир нече адам жаракат алды

27.07.2021 16:04
946
Германиядагы химиялык заводдун жарылуусунан бир нече адам жаракат алды


Германиянын Леверкузен шаарындагы химиялык заводдо жарылуу болуп, бир нече адам жаракат алганын жергиликтүү полиция билдирди.


Жарылуу шейшемби күнү эртең менен Currenta компаниясынын химиялык заводунда болгон, анын себептери аныктала элек. Шаардын үстүндө кара коюу түтүн көтөрүлүп, жергиликтүү тургундарды терезе жана эшиктерди жабык кармоого үндөп, айрым жолдор унаа кыймылы үчүн жабылган.


"Леверкузендеги Висдорф аймагындагы кырдаал белгисиз бойдон калууда. Окуя болгон жерде көптөгөн полиция кызматкерлери иштеп, кырдаалды тактап жатышат. Бир нече адам курман болду", - деп билдирди полиция Твиттерде.


Ошондой эле, полиция адамдарды куткаруу иштерине тоскоол болбош үчүн окуя болгон жерден алыс болууга чакырууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн