Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 07:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Германиялык компания кыргыз жарандарын кулпунай терүү жумушуна орноштурууга даяр

16.11.2022 15:22
362
Германиялык компания кыргыз жарандарын кулпунай терүү жумушуна орноштурууга даяр

15-ноябрда Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Тюрингия Федералдык аймагында жайгашкан кулпунай жана спаржаны ɵстүрүү, чогултуу жана сатуу боюнча "Erdbeerhof Gebesee GmbH" компаниясынын аткаруучу директору Андреа Лееферс менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.


Маалыматка ылайык, жолугушууда компаниянын аткаруучу директору Андреа Лееферс 2023-жылы Кыргызстандан жумушчуларды сезондук жумушка тартууга өзүнүн компаниясы кызыкдар экенин билдирди.


Элчи Текебаев Германияда кыргыз жарандарын уюшкандыкта ишке орноштуруу боюнча системалуу жана узак мөөнөттүү кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, элчилик Кыргызстандын жарандарын аталган компанияга ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.


Маалымат үчүн: "Erdbeerhof Gebesee GmbH» - бул кулпунай жана спаржа өстүрүү, чогултуу жана сатуу боюнча адистешкен айыл чарба компаниясы болуп эсептелет. Компания жыл сайын жайында кулпунай жана спаржа чогултуу жана сатуу боюнча жумушчуларды ишке тартат. Сезондук жумуш апрелден июлга чейин созулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн