Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:44
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Германияны суу каптап 50дөй киши каза болуп, бир жарым миңдей адам дайынсыз (фото)

16.07.2021 10:04
1297
Германияны суу каптап 50дөй киши каза болуп, бир жарым миңдей адам дайынсыз (фото)

Батыш Германия менен Бельгиядагы катуу суу ташкыны кыйроолорго жана адамдардын өлүмүнө алып келди.

Жергиликтүү бийликтин маалыматында,  көптөгөн аймактарда ташкындоолор токтой элек жана жоголгондор менен каза болгондордун так санын тастыктоо дээрлик мүмкүн эмес.


Акыркы эсептөөлөр боюнча, Германияда 43 адам каза болду. 1500 жакын адам дайынсыз.

Бельгияда дагы кеминде алты адам каза болуп, Голландия, Франция жана Швейцариянын айрым жерлеринде суунун деңгээли көтөрүлүп жатат.


Акыркы 24 саатта Батыш Германиянын көпчүлүк аймактарында рекорддук жаан-чачын болуп, дарыялар жээктен ашып кетти. Дээрлик 150 миң үй электр жарыксыз калды.


Өлкөдө транспорттук байланыш үзгүлтүккө учурады. Расмий өкүлдөр кырдаал кооптуу бойдон калууда деп эскертишүүдө. Бейшемби жана жума күндөрү Германиянын башка аймактарында нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлүүдө жана суу ташкыны коркунучу бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн