Бугу 10, 2024
Убакыт: 01:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Германиянын “АКА Банкы” Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

30.01.2024 13:03
570
Германиянын “АКА Банкы” Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар


Франкфурт-на-Майне шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын «АКА Банкынын» башкаруучу директору Марк Венчик менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы банк тутумунун өнүгүүсү тууралуу маалымат берип, Кыргызстандагы банк жана финансы системасын өнүктүрүү максатында, анын ичинде экспорттук каржылоо маселелери боюнча «АКА Банк» менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн айтты.

Өз кезегинде, Марк Венчик германиялык банктын Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2024-жылдын апрель айында Франкфурт-на-Майне шаарында эки өлкөнүн банк жана каржы секторлорунун өкүлдөрүнүн катышуусунда форум өткөрүүнү макулдашты.

Маалымат үчүн: AKA Bank (Ausfuhrkredit-Gesellschaft mbH – Экспорттук-кредиттик корпорация) – 1952-жылы банктардын ири филиалдарын, ири аймактык жана мамлекеттик банктарды, ошондой эле Майндагы Франкфурт шаарында жайгашкан Германиянын алдыңкы жеке банктарын бириктирүү аркылуу түзүлгөн. Бул Германиянын экспортун каржылоо жана кредиттик линияларды камсыз кылуучу адистештирилген экспорттук финансы банкы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн