Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Германиянын футбол боюнча чемпиондугу 15-майда улантылат

05.05.2020 17:38
923
Германиянын футбол боюнча чемпиондугу 15-майда улантылат


Германиянын футбол боюнча чемпиондугу Бундеслига 15-майда улантылат. Бул тууралуу Reuters басылмасы ишенимдүү булактарына таянуу менен жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, эртең, 6-майда Германиянын канцлери Ангела Меркель министрлер менен коронавирустан улам кирген чектөөлөр тууралуу телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзөт.


Ошондой эле, сүйлөшү учурунда футбол боюча чемпиондукту жандандырууда каралат. Бийлик өкүлдөрү Бундеслиганын оюндарын бош стадиондордо, баардык эрежелерди сактоо менен өткөрүүгө уруксат берери айтылууда.


Буга чейин Германиянын чемпиондугу 9-майда улантылат деп айтылган болчу, бирок бийлик чечимдеринен кийинчерек баш тартып койгон.


Учурда Германияда коронавирус илдетин жуктургандардын саны 166 миң адамдан ашып, 7 миңге жакыны каза болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн