Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Германиянын канцлери Ангела Меркель үй карантинине алынды

23.03.2020 09:10
698
Германиянын канцлери Ангела Меркель үй карантинине алынды


Германиянын канцлери Ангела Меркель үй карантинине алынды. Бул тууралуу чет өлкөлүк ЖМКлар жазышууда.


Маалыматка ылайык, Ангела Меркель  мындай чечимди ага жакында эле эмдөө кылган дарыгер коронавирус жуктуруп алганы маалым болгондон кийин кабыл алды. Белгилүү болгондой кечээ, эле 22-мартта Меркель өкмөт жыйынын өткөргөн. 


Канцлер изоляцияга алынган учурда өз милдеттерин аткарууну уланта берет.


Учурда Германия коронавирус жуктуруп алгандардын санынын көптүгү боюнча алдыңкы беш өлкөнүн катарына кирет. Илдетке чалдыккандардын саны 24 миң адамга жакындап калды. Ал эми каза болгондордун саны 92 киши.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн