Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Германиянын канцлери Меркель отставкага кетти (видео)

26.10.2021 22:23
897
Германиянын канцлери Меркель отставкага кетти (видео)


Германиянын президенти Меркелге канцлердин мөөнөтү аяктаганы тууралуу расмий билдирүү тапшырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, жаңы канцлер тандалгыча Меркель убактылуу бул кызматты аркалап турмакчы. Ал эми кийинки канцлер болуп Социал-демократтардан Шольцтун келүүсү күтүлүүдө.


Мөөнөтү аяктаганы тууралуу расмий билдирүүнү тапшыруу учурунда Меркель абдан тынчсызданган. Президенттен документтерди алып, ал өз ордуна дароо отурган, бирок президент ага журналисттер үчүн сүрөткө түшүү керектигин эскерткен - Меркель күлүп, сүрөткө түшүү үчүн президенттин жанына келген, бирок ал папканы унутуп калганын кийин эстеген.


Эске салсак, Ангела Меркель Германияны 15 жыл 338 күн башкарды. Эгер 19-декабрга чейин убактылуу канцлердин милдетин аткаруучу болуп отурса, анда ал өлкөнү башкаруу боюнча рекорд коёт. Учурда эң узак башкаруу Гельмут Колго таандык (16 жыл 26 күн).


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн