Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 02:03
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Германиянын канцлери, Япониянын премьер-министри Садыр Жапаровду куттуктады

29.01.2021 16:34
520
Германиянын канцлери, Япониянын премьер-министри Садыр Жапаровду куттуктады

Япониянын Премьер-министри Ёсихидэ Суга Япониянын Өкмөтүнүн жана жапон элинин атынан  жана   Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.


«Сиз менен биргеликте Япония жана Кыргыз Республикасынын ортосунда 1992-жылы түзүлгөн дипломатиялык мамилелерди, узак мезгилден бери уланып келаткан эки мамлекеттин ортосундагы достук жана жакшы алакабызды мындан ары дагы өркүндөтүү боюнча иш алып барабыз деген үмүтүмдү билдиргим келет. Мындан сырткары, Япония Кыргызстан менен, анын ичинде „Борбордук Азия + Япония“ диалогунун алкагында тыгыз кызматташып, аны менен Борбор Азия регионунун туруктуулугуна жана өнүгүшүнө салым кошууну улантууга ниеттенүүдө», — деп белгиленет жапон премьер-министринин куттуктоосунда.


«Биздин өлкөлөрдү көп жылдан бери эле достук мамилелер байланыштырып келет. Биз ал алакаларды улантууну жана тереңдетүүнү каалайбыз. Германия келечекте да Сиздин өлкөнү колдоого, атап айтканда, экономикалык өнүктүрүү жана укуктук мамлекетти бекемдөөгө багытталган реформалар жаатында колдоого алат. Сизге күч-кубат, ден соолук жана Сиздин алдыңызда турган жооптуу милдеттердин жеңил чечилишин каалайм», — деп айтылат Ангела Меркелдин куттуктоо телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн