Гимнди өзгөртүү боюнча комиссияга сегиз депутат кирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда белгилүү болду.
Бүгүн түзүлгөн комиссиянын курамындагы депутат Азамат Исраиловдун ордуна Жанар Акаев киргизилди. Ошону менен депутаттык комиссияга Аккулу Бердиев, Бактыбек Марипов, Жанар Акаев, Винера Раимбачаева, Кубанычбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Советбек Рустамбек уулу, Айбек Маткеримов кирди.
Эми өкмөт түзгөн ведомстволор аралык комиссия гимндин үч вариантын даярдап, Жогорку Кеңешке сунуштайт. Депутаттар алардын ичинен мыкты делгенин тандайт.
Кечээ Исхак Масалиев адилеттүүлүк болушу үчүн гимнди өзгөртүү боюнча комиссияга детутаттар кошулбай эле койсо деген сунуш берген. Анын айтымында, эл өкүлдөрү комиссияда болсо добуш берүүдө калыс болбой калышы ыктымал.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кыргызстандын гимни өзгөртүү демилгесин көтөрүп, ал апрелге чейин кабыл алынышы керектигин айткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн