Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 16:25
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Гитлер Берлинди басып алган дегендей... Момбеков Жанар Акаевдин бийликти басып алууга шектелүүсү тууралуу

15.09.2021 15:10
1995
Гитлер Берлинди басып алган дегендей... Момбеков Жанар Акаевдин бийликти басып алууга шектелүүсү тууралуу

Кесиптешим Жанар Акаев кыймылы жок кылмышка шектелип жатканы жөнүндө өз пикирин билдирди. Арийне, анын оюна ортоктош болсом дагы, өз оюмду ортого салгым келди. Жанар жакшы айтты, "...мен өзүм отурган бийликти өзүм кайра кантип басып алмак элем" таризинде. Анын мындай пикирин, жан дүйнөсү жакыр адамдар башка нукка салышы мүмкүн, " Жоок, сен президенттик бийликти көздөгөнсүң, оболу ошол жакты көксөгөнсүң" дегендей түркөй түшүнүк менен. Асыресе, президенттик кызматка Жанардын башы жеткени менен жашы жетпейт да! Анда кандай кыласыңар? А өкмөттүк кызматтарга Жанар бармак эмес. Мен билгенден Жанарга өкмөттүк кызматтарды мурунку, азыркы бийлик деле сунушташкан, баш тартып койгон депутаттыкка барам деп. Дегеле, Жанар бийликти басып алат деген кеп, Гитлер Берлинди басып алат дегендей эле нерсе. Анан калса, кыймыл болбогон жерде кылмыш кантип болсун? Ой болгон күндө деле "бой" болгон жок да...

Азыркы саясий абал, ала качкан аттын үстүндөгү баланын абалындай. Аша чаап кетем деп, аласалып кетпегиле. Бирөө эркелеп кетсе, бирөө эртелеп кетет, этият болгула...


Рыскелди Момбеков, Жогорку Кеңештин депутаты

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн