Бугу 15, 2024
Убакыт: 05:57
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Гондурастын президенти COVID-19 менен ооруп калды

17.06.2020 23:58
619
Гондурастын президенти COVID-19 менен ооруп калды


Гондурастын президенти Хуан Орландо коронавирус жуктурап алгандыгын бүгүн, 17-июнда өзү кабарлады.


“Өлкө президенти жана жоопкерчиликтүү жаран катары дем алыш күндөрү өзүмдү жаман сезгенимди, ал эми бүгүн мага коронавирус жугуп калгандыгын кабарлашкандыгын айтып коюуну туура көрдүм”, - деди Х.Орландо.


Президенттин айтымында, ага вирустун жеңил формасы жуккан, врачтар керектүү дарыларды жазып берген. Коронавирус анын жубайы Ана Гарсияга да жуккандыгы белгилүү болду, бирок анда вирустун белгилери байкала элек.


Президент кызматтык милдеттерин аралыктан аткарууда. Кошумчаласак, Гондураста 17-июнга карата 9,6 миң адамдан вирус аныкталган. Алардын 330у каза табышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн