Бугу 03, 2024
Убакыт: 22:04
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Гонконгдо коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат

01.08.2020 11:09
910
Гонконгдо коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатат


Гонконг шаарында вирустун жайылышынын үчүнчү толкуну болуп жатат. Шаар бийлиги саламаттыкты сактоо системасы урап калуунун алдында турганын эскертти, деп жазат BBC сайты.


Маалыматка ылайык, Гонконгдо коронавируска кабылган биринчи бейтап январдын аягында аныкталган.


Март айында чет өлкөлүк студенттерге Гонконгго кайтып келүүгө уруксат берилип, вирус кайрадан жайылган. Муну шаар бийлиги экинчи толкун деп атаган. Калаага чет өлкөдөн келгендердин баары вирусту аныктоочу тест тапшырып, 14 күн карантинде болушту. Ошондой эле чет өлкөдөн келгендерге атайын электрондук билерик дагы тапшырылды. Алар үйдөн чыгып кеткен болсо, билерик шаар бийлигине эскертүү жөнөткөн.


Гонконг университетинин вирусология кафедрасынын башчысы профессор Малик Пейристин айтымында, чакан топко чектөөлөр жеңилдетилгендигине байланыштуу үчүнчү толкун июль айында болуп жатат. Бир нече ай бою үйдөн чыкпай келген тургундар дароо көчөгө агылып, коомдук жайлар толуп калган эле. Андан тышкары бул айда ар түрдүү майрамдар дагы көп болду.


Жугуштуу оорулар боюнча адис Жосеф Цаң дагы профессор Пейристин пикирине кошулат. Анын айтымында, айрым топторду чектөөлөрдөн бошотуу вирустун жайылып кетишине жол ачты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн