Бугу 12, 2024
Убакыт: 22:31
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Google жана Yandex Кыргызстанда салык төлөй баштайт

08.10.2021 11:12
1497
Google жана Yandex Кыргызстанда салык төлөй баштайт

Кыргызстанда жарандарга жана жергиликтүү компанияларга электрондук кызмат көрсөткөн, бирок өлкөдө жайгашпаган компаниялар үчүн кошумча нарк салыгын төлөө боюнча жаңы режим киргизилет. Бул тууралуу экономика жана каржы министринин орун басары Бекболот Алиев маалымат жыйынында билдирди.


Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Google жана Yandex сыяктуу компаниялар салык төлөөгө милдеттендирилет.


Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, "Яндекс такси" кызматы да бул мыйзамга ылайык салык төлөйт. "Электрондук соода тармагындагы иштер үчүн атайын салык режими да киргизилүүдө",-деп билдирди мекемеден.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн