Бүгүн, 15-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен «Манас» эл аралык аэропортунда (Бишкек шаары) спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча курама команданы тосуп алуу аземи өттү.
Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана катышуучуларын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, спортчулардын ата-энелери, туугандары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Иш-чаранын негизинде маалымат жыйын өтүп, ошондой эле концерттик программа менен коштолду.
Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен Акжол Махмудов жана Жоламан Шаршенбеков 1-орунду ээлеп Дүйнө чемпиону болушту. Ошондой эле Амантур Исмаилов 67 кг салмакта коло байгенин ээси болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн