Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 17:21
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Грек-рим күрөшү боюнча кураманын машыктыруучулары толугу менен жумуштан кетти

25.09.2025 16:18
201
Грек-рим күрөшү боюнча кураманын машыктыруучулары толугу менен жумуштан кетти


Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучу курамы өз каалоосу менен ишин аяктады. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын башкы катчысы Сейтек Толтоев билдирди.


Анын айтымында алдыңкы күндөрү кайрадан шайлана турган машыктыруучулар курамы тууралуу маалыматтар берилет.


Белгилей кетсек, Уран Калилов башкы машыктыруучу, Азат Бейшебеков улук машыктыруучу, Атай Замирбеков 23 жашка чейинки спортчулардын курама командасынын машыктыруучусу болгон.


10 күнгө созулган Загреб шаарындагы дүйнө чемпионаты өз жыйынтыгына келип, Кыргызстандын балбандары жалпы 5 медаль менен өлкөгө кайтып келишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн