Грозный-Бишкек-Грозный багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
Чеченстандан биринчи учак «Манас» эл аралык аэропортуна 11 августта конду.
Авиакаттамды орусиялык «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү – аткарат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн