Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 00:54
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Грузияда Саакашвили Украинага пайда алып келбеси айтылды

06.05.2020 09:23
923
Грузияда Саакашвили Украинага пайда алып келбеси айтылды


Грузиянын премьер-министринин кеңешчиси Ираклий Чикованинин пикиринде, мурдагы өлкө башчы Михаил Саакашвили эски саясатчы, ал Грузияга да жана Украинага да эч кандай жыйынтык алып келбейт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


“Михаил Саакашвили мурдагы саясатчы, ал Грузияга да жана Украинага да жемиштүү иш жасай албайт. Грузияда оор кылмыш үчүн соттолгон Саакашвилинин мамлекетти башкарууга саясий катуушусу өкүндүрөт, аны кайтаруу үчүн мамлекет Украинага кайрылуу жасаган болчу. Биз окуянын өнүүгүсүн күтөбүз жана тийиштүү аракеттерди көрөбүз”, - деген Чикованинин сөзүн өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирген.


Грузия парламентинин  вице-спикери Гия Вольский Украинада Саакашвилини кандайдыр бир чоң кызматка дайындоо, украин элине жана президентине чоң көйгөй алып келүүсүн айткан.


“Саакашвилинин бизге калтырган нерсеси, бул таш-талканы чыккан Грузия, калктын жарымы жакыр, нөлгө айланган социалдык пакеттер, талкаланган айылдар, ден соолугун жана каржысын жоготкон адамдар. Ал эми Саакашвили кандай таасирин тийгизерин айтуу, бул эксперттердин укугу. Украинанын көйгөйү бирөө эле эмес, бирок Саакашвили катаал жана жекече башкарууда Грузияга кандай пайда алып келди. Саакашвили эртеңки күнү Украинага жана президент Зеленскийге түйшүктүү көйгөй болуп калуусу мүмкүн”, - деген Вольский “Имеди” каналынын эфиринде.


Эске салсак, Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Украинанын президенти Владимир Зеленский ага вице-премьерлик кызматты сунуштаганын айтып чыккан


"Мен президент Владимир Зеленскийди шайлоо учурунда жана ал президент болуп турганда колдоп келгем. Анын командасына Украинанын үмүтү чоң деп билем. Мен Жогорку радада кечиктирбей турган өзгөрүүлөр, өкмөттүн курамында аткара турган менин милдеттерим тууралуу өзүмдүн программамды сунуштайм", - деп жазган Михаил Саакашвили 22-апрелде фейсбуктагы баракчасына.  


Саясатчынын сөзүнө караганда ал Зеленскийдин чөйрөсүндөгүлөр менен жана Украинанын парламентиндеги бардык патриоттук күчтөр менен иштешүүгө даяр.  


52 жаштагы Грузиянын мурдагы президенти жана Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили  губернаторлуктан кеткенден кийин  оппозицияда жүргөн. 2017-жылы украин президенти Петр Порошенконун жарлыгынын негизинде жарандыктан ажыратылып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. Бийликке Владимир Зеленский келген соң Украинага кайтып, жарандыгы калыбына келтирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн