Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Грузияда коронавирустун экинчи толкуну башталганы жарыяланды

11.09.2020 10:15
1488
Грузияда коронавирустун экинчи толкуну башталганы жарыяланды


Грузияда коронавирустун күтүлүп жаткан экинчи толкуну башталганын премьер-министр Георгий Гахария жарыялады, деп жазат "Европейская правда" басылмасы. 


Георгий Гахариянын маалыматына караганда, Тбилисиде масштабдуу үйлөнүү той өткөрүлгөндөн кийин коронавирусту кайра жугузган учурлар аныкталган.  


Грузияда бүгүн 57 адамдан, кечээ 44 адамдан коронавирус аныкталган. Бул көрсөткүчтү өлкөдөгү эпидемиологиялык абал өзгөрүп жатат деп баалашкан.


Грузияда 10-сентябрга карата катталган 57 бейтап суткалык рекорддук көрсөткүч болуп саналат.


Бул өлкөдө жалпы 1773 адамга коронавирус жугуп, анын ичинен 1325 адам айыкты. Оору жуккандан кийин 19 бейтап көз жумган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн