Аяк оона 22, 2024
Убакыт: 11:29
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Губернатор Кызыл-Кыядагы санитардык-карантиндик посттун ишин текшерди (сүрөт)

16.07.2020 17:53
1341
Губернатор Кызыл-Кыядагы санитардык-карантиндик посттун ишин текшерди (сүрөт)


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов облустун беришиндеги, Кызыл-Кыя шаарындагы негизги санитардык-карантиндик посттун ишин текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. 


Маалыматка караганда, ошондой эле Өзбекстан менен чектеш жайгашкан "Кызыл-Кыя автожол" көзөмөл өткөрүү жайынын абалынан кабар алды. 


Ыйгарым укуктуу өкүл аталган жайда белгиленген тартипте, акыркы кабыл алынган чектөөлөрдү эске алып, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну колго алуу, облуска кирген жана чыккан кыймыл аракеттерди дыкат көзөмөлгө алуу менен, кандайдыр бир маселелер жаралса, тийиштүү иш аракеттерди ыкчам жүргүзүү менен, элдин коопсуздугун камсыздоо боюнча, жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн