Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:37
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Гүлбара Калиева Садыр Жапаровдун акталышы боюнча түшүндүрмө берди

29.12.2020 17:53
876
Гүлбара Калиева Садыр Жапаровдун акталышы боюнча түшүндүрмө берди

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева президенттикке талапкер Садыр Жапаровду актаган чечим боюнча түшүндүрмө берди. Ал «Азаттык» радиосунун түз эфиринде маек куруп жатып, Жапаров тууралуу иш тергөөгө өткөрүлгөнүн айтты.


"Ишти жаңы жагдайлар боюнча карап бергиле деп, адвокаттары расмий түрдө арыз алып келген. Мен бул ишке аралашпайт элем, бирок ошол күнү жумушта орун басарым да жок, өзүм үч судьядан турган соттук курам түзүп, ошол ишти кароону тапшыргам. Иштин материалдарын Биринчи май райондук сотунан алдырганбыз. Менин эсимде калган маалымат боюнча, кечки 6-7де бүтүрүшкөн. Башкы прокуратура аларды актоону суранган. Ал сунуш бардык актыларда бар. Бирок сот буга чейинки өкүмдөрдү жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберген",- деди Калиева.


Калиеванын айтымында, жоопко тартылган адамдардын күнөөсү жок болуп, аларга куугунтук жасалган болсо, тергөө органдары аныкташы керек. Эгер куугунтук болгону чын болсо, прокуратуранын макулдугу менен тергөө органдары ишти кыскартып кое алат.


Эске салсак, Жогорку Сот 19-октябрда президенттин милдетин аткарган Садыр Жапаровду, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жана парламенттин азыркы спикеринин милдетин аткаруучу Талант Мамытовду актаган чечим чыгарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн