Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:50
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Гүлбара Калиева Тартип комиссиясынын чечими боюнча билдирүү таратты

04.03.2021 17:37
811
Гүлбара Калиева Тартип комиссиясынын чечими боюнча билдирүү таратты

Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева Соттор кеңешине алдындагы Тартип комиссиясынын чечими боюнча комментарий берди. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы таратты.


"Мени кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу чечим мыйзамсыз экенин белгилеп кетүү зарыл деп ойлойм. Анткени, менин ооруп жаткандыгым тууралуу маалым кат бергениме жана бул ишти менсиз карабоо боюнча өтүнүчүмө карабай жыйын менин катышуумсуз өткөн. Мындан тышкары, шашылыш чечим кабыл алуу дагы түшүнүксүз, мыйзамда кароого төрт айлык мөөнөт каралган. Мындай аракеттер мыйзамга каршы келет", - деди ал.


Бүгүн КРнын Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы КР Жогорку сотунун төрайымы Г.Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн