Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Гүлнара Баатырова ДССУнун өкүлү менен медайымдык ишти өнүктүрүүнү талкуулады

09.11.2022 09:43
274
Гүлнара Баатырова ДССУнун өкүлү менен медайымдык ишти өнүктүрүүнү талкуулады

2022-жылдын 3-ноябрынан 9-ноябрына чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун  Европа аймактык бюросунун медайымдык жана акушердик саясат боюнча кеңешчиси Маргриета Лангинс Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык,  жумушчу сапарынын алкагында ал КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова менен жолугушуп, анда медайымдык ишти өнүктүрүү маселелери талкууланды.


 Ошондой эле, 2022-жылдын 7-8-ноябрында Маргриета Лангинс жана Казакстан менен Өзбекстандын адистеринин катышуусунда Борбордук Азия аймагында медайымдык жана акушердик кызматты чыңдоо боюнча кеңешме өтүүдө.


 Иш сапарынын алкагында  Маргриета Лангинс  Бишкек медициналык колледжинде болуп, медайымдарды даярдоо курсу менен таанышты. И.К. Ахунбаев атындагы КММАга барып , ал жерде жогорку билимдүү медайымдарды даярдоо боюнча маалымат алды. Улуттук кардиология борборундагы практикалык медайымдардын иши менен таанышты.


.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн